Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

АКШ Иранга каршы жазаналардын жаңы тобун киргизет


АКШнын финансы департаменти Иранга каршы санкциялардын жаңы тобу киргизилип жатканын жар салды. Бул жолу камсыздоочу, мунай жана жүк ташуучу 50дөн ашуун компания бутага алынган. Мындай чара менен Вашингтон ядролук жайларына эл аралык инспекторлорду койо бербей жаткан Ислам жумуриятына кысым көрсөтүүнү көздөөдө. Жаңы санкцияларга ылайык, кара тизмедеги компаниялар АКШдагы эсептерин колдоно алышпайт жана алар менен финансылык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

Кара тизмеге Ирандын Коргоо министрлиги, революциялык гвардия, суудан жүк ташуучу улуттук агенттик менен кызматташкан фирмалар, бир университет киргизилген. Жазалоочу чаралар ошондой эле бир австриялык жана ирандык 4 кишиге каршы колдонууда. Батыш Тегерандын атомдук программасы курал жасоону көздөйт деп шектенсе, Иран бийлиги аны четке кагууда.

XS
SM
MD
LG