Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Сирияда 200дөн ашуун киши набыт кетти


Оппозициядагы активисттер маалымдаганына караганда, Сирия өкмөтүнүн аскерлери танктардын жана тик учактардын коштоосунда Хама чөлкөмүндө операция өткөрүп, 200дөн ашуун киши набыт кетти. Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары уюму кыргын Треймса айылында болгонун кабарлады. Козголоңчулардын лидери Абу Мохамаддын айтымында, армия тик учактарды, танктарды жана ракета аткычтарды тарткан. Мамлекеттик САНА агенттиги ал айылда куралдуу күчтөр менен террористтердин тобу кагылышканын айтып, канча киши набыт кеткенин кабарлаган жок.

XS
SM
MD
LG