Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Курорт аймактарда уюшма кылмыш топторго каршы чаралар көрүлүүдө


Ички иштер министрлигинин билдиришинче, Ысык-Көлдө курорттук эс алуучу жайларда уюшма кылмыш топторду тыюу, алардын арам акчаны адалдоо жолдорун буу боюнча комплекстүү чаралар көрүлүүдө. Мындай иш-чаралар туристтик сезон бүткөнгө чейин уланмакчы.

Кыргыз бийлиги былтыр февраль айында уюшма кылмыш топторго айосуз күрөш жарыяланганын билдирген. ИИМдин Уюшма кылмыш топторго жана коррупцияга каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиев “Азаттыктагы” маегинде күрөштүн натыйжасында мындай топтор тыйылып калганын кабарлаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG