Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

“Чыгышэлектро” ортомчу компаниялардын айынан 96 млн. сом чыгым тартты


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Чыгышэлектро” ачык акционердик коомунун маалымат катчысы Гүлмира Тониева билдирди. Ага ылайык, аталган компаниялардын айынан кирешенин төмөндөшү 2010-жылы 57,1 миллион, ал эми 2011-жылдын тогуз ай ичинде 38,5 миллион сомду түзгөн. Төлөнбөгөн салык түрүндөгү бюджеттик жоготуу 5,6 млн сом болгон.

Ысык-Көл облусунда 2005-жылдан бери ортомчу 13 компания иштейт.

Кыргыз өкмөтү мындай компанияларды текшерүүнү улантууда. Энергетика жана өнөр жай министрлиги Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы кызмат менен биргеликте комиссия түзгөн.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 14-майда ортомчу компаниялардын ишин текшерүүнү тапшырган.

Кыргызстанда электр энергиясын саткан 21 ортомчу компания бар. Коомчулукта бул компаниялар коррупциянын булагы экени айтылып, аларды жоюу демилгеси көтөрүлүүдө. (MK/EBM)

XS
SM
MD
LG