Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Жалал-Абад: жаңжалдарды алдын алуу жолдору талкууланды


"Кыргызстандагы тынчтык куруучу аялдар" түйүнү 10-12-июль күндөрү Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жаңжалдарды алдын алуу, чыр-чатактарды болтурбоонун жолдору боюнча талкуу өткөрдү.

Түйүндүн төрайымы Жанна Саралаеванын ырасташынча, анда негизинен үй-бүлөлүк чыр-чатактар, жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусу, адам сатуу, бачабдаздык жана улут аралык мамиле боюнча сөз болду. Талкууга аймактагы бейөкмөт уюмдардын, тартип коргоо органдарынын жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.

“Кыргызстандагы тынчтык куруучу аялдар” түйүнүнө жыл башынан бери Жалал-Абаддан 83, Оштон 40, ал эми Баткенден 63 киши укуктарын коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. (YA)

XS
SM
MD
LG