Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Райондорду ирилештирүү пландалууда


Кыргызстанда райондорду ирилештирүү, ал эми райондук кеңештерди жоюу пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Шадыбеков өкмөттүк жыйында билдирди.
“Административдик-аймактык реформанын алкагында шаар тибиндеги кыштактардын макамын шаарга же айылга алмаштыруу жана 40 районду ирилештирүү пландалууда”, - дейт К.Шадыбеков.

Ошондой эле Шадыбеков реформанын биринчи этабында өкмөттүн аймактар боюнча ыйгарым өкүлчүлүгүн ачуу, райондук кеңештерди жоюу, элдик курултайлардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын эл үчүн ачыктыгын камсыздоо караларын белгиледи. (MTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG