Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Тажикстандык кыргыздар ат оюндарын өткөрүүдө


Ушул тапта Тажикстандын Мургаб районунда ат чабыш фестивалы башталды. Анын алкагында кыз куумай, тыйын эңмей, оодарыш сыяктуу ат оюндары жана айтыш конкурсу өткөрүлөт. Бул тууралуу фестивалга барган “Азаттыктын” кабарчысы Жаңыл Жусупжан билдирди.

Ат оюндары Мургаб районунун 80 жылдыгынын урматына белгиленип, Мургабдын өкмөтү жана кыргызстандык “Кыргыз ат” коомдук бирикмеси уюштурууда. Ага райондун алты айылынан он чакты кыргыз жылкылары жана боз үйлөрү менен келишти.

“Учурда эл чогулуп жатат. Кыргызстандан расмий делегация келгенин көргөн жокмун”, - деди Ж.Жусупжан.

Мургаб Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы, деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жайгашкан район. Калкынын саны 14 миң, басымдуу бөлүгүн кыргыздар түзөт. (MTo)

XS
SM
MD
LG