Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Клинтон: Асад режими Тремсиде кызыл кыргын уюштурган


Сирия президенти Башар Асаддын режими ортолуктагы Тремси кыштагынын калкын атайылап кырганы жөнүндө айныгыс далилдер бар. Бул жөнүндө билдирген АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон Сириядагы каршылашкан тараптарды ок атууларды тез токтотуп, 200дөй адам өлтүрүлгөн кыштакка БУУнун байкоочуларын койо бергенге үндөдү. Бириккен улуттар уюмунун байкоочулары эл аралык чабарман Кофи Аннанга жазган катында Асадга ишенимдүү аскерлер Тремсиге танктар жана тик учарлар менен чабуул жасашканын маалымдады.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштондун айтышынча, Тремсидеги кыргынды угуп, “эси чыккан”. Жума күнү Аннан Сирия өкмөтүн калк тынч жашаган аймактарда оор аскерий техника колдонуп, тынчтык планын бузду деп күнөөлөгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG