Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

Дидье Дрогба “Шанхай-Шенхуа” футбол командасына кошулду


Акыркы жылдары Англиянын “Челси” клубунда ойногон котдивуарлык чабуулчу Дидье Дрогба бүгүн Шанхайга учуп келди. 34 жаштагы футболчуну аэропортто жүздөгөн футбол күйөрмандары тосуп алышты.

"Чынында, мен бу жерге көп акча табайын деген максат менен келген жокмун. Мен бул жерге Европада көргөндөн такыр башка иштерди жүзөгө ашырууну көздөп келдим. Бул жакта көптөгөн жаңы иштер бар. Ал идея мен үчүн баарынан үлкөн", - деп билдирди Дрогба кабарчыларга аэропортто.

Ал Шанхайдын “Шенхуа” клубуна ойнойт. Бул командага январда франциялык чабуулчу Николас Анелка келип кошулган. Маалыматтарга караганда, Дрогбага “Шенхуа” клубу аптасына 300 миң доллардан көп айлык төлөйт.

XS
SM
MD
LG