Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Чолпон-Атада бий фестивалы өтөт


21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий комплексинде жайкы бий фестивалы өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган долбоордун жетекчиси Нурсултан Кубанов кабарлады.

“Бий аянтчасынын падышасы” аттуу фестивалга республиканын ар тарабынан 10 команда катышат.

“Биздин максат ушул фестивал аркылуу аймактарда бий өнөрүн өркүндөтүү. Катышуучулар хип-хоп, поп, электробуги жана башка бийлерди бийлешет. Ошондой эле кыргыз улуттук бийинин заманбап үлгүсүн табуу тапшырмасын бергенбиз”, - деди Н.Кубаев.

Бийчилер мелдеш боло турган жерге 19-июлда келип, Спорт күнүнө арналган түрдүү акцияларга жана оюндарга да катышат. (MTo)

XS
SM
MD
LG