Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:02

Крымскиде электр жарыгы менен газ толук бериле элек


Крымскиде 4 миңдей киши электр жарыгы, миңдей киши газ жок отурат. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө, кырсык болгон жердеги тургундарды суу менен камсыздоо ишке кирди. Энергетика министрлиги Крымскиде жарыкты толугу менен калыбына келтирүүнү убада кылган. Темир жолдорду тазалоо иштери уланууда. Краснодар крайынын губернатору Александр Ткачев кырсыктын кесепеттерин жоюуга 9 миллиард рубл бөлүнгөнүн билдирди.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 6-7-июлдагы суу каптоодо 171 киши, негизинен Крымск шаарынын тургундары өлгөнүн билдирет. Ал эми жеринде иштеп жаткан куткаруучулар набыт болгондордун саны мындан көптүгүн айтууда.

XS
SM
MD
LG