Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Орусиялык укук коргоочу Наталья Эстемированын өлтүрүлгөнүнө 3 жыл толду


Бүгүн журналист, укук коргоочу Наталья Эстемированын өлтүрүлгөнүнө 3 жыл толду.
"Мемориал" укук коргоо борборунун кызматкери Наталья Эстемирова 2009-жылдын 15-июлунда Чеченстанда уурдалып, ошол эле күнү Ингушетияда сөөгү табылган. 51 жаштагы таанымал укук коргоочу, журналисттин киши колдуу өлүмү эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп, катуу талкуу жараткан.

Иштин жагдайы эмдигиче ачыла элек. Башында тергөө бул ишке күч түзүмдөрүнүн тиешеси бар деген сыяктуу бир нече божомолдорду билдирген. Соңку кезде Эстемированы чечен согушкерлер өлтүргөн деген негиз көп айтыла баштады. Укук коргоочулар мындай негиз чындыктан алыстыгын айтышат.

Наталья Эстемированы эскерүү иш-чаралары Орусия менен бир катар чет өлкөлөрдө да өттү.

XS
SM
MD
LG