Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Дамаск Тремсиде оор куралдар колдонулганын четке кагууда


Сирия бийлиги Тремсидеги калкка каршы оор куралдар колдонулганын четке кагууда.

Сириянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жихад Макдисси журналисттерге Тремсидеги кыргындын курмандыктары өкмөттүк жана куралданган оппозициянын кармашында калганын айтты. Ал буга чейин оппозиция менен укук коргоочулар айтып жаткан массалык өлүм тууралуу маалыматты четке какты. Макдисси Треймсиде оппозиция билдиргендей 200 эмес, 39 киши өлгөнүн билдирди.

Ал ортодо Бириккен улуттар уюмунун Сириядагы миссиясынын маалымат катчысы Саузен Гоше ишембиде Дамаскта туруп, "Рейтер" агенттигине мындай деди:

- 12-июль, бейшембиде Тремсиде аскерий операция болгонун тастыктайбыз. Атайын пландалган чабуулдар активисттердин үйлөрү менен куралданган адамдарга багытталган.

БУУнун байкоочулары бүгүн да Тремсиге барышат. Азырынча канча киши өлгөнүн тактоо мүмкүн болбой жатат. Кечээ байкоочулар элге каршы өкмөттүк күчтөр артиллерия менен минометторду колдонгонун бышыктаган.

XS
SM
MD
LG