Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Президент олимпиадачылар менен жолугат


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Лондон олимпиадасына катыша турган кыргызстандык спорчулар менен жолугат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Агенттиктин бөлүм башчысы Канат Арпачиевдин айтымында, жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев олимпиадачылардын капитаны болуп тандалган грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөновго кыргыз туусун тапшырат. Бирок Көбөнов Лондонго грек-рим күрөшү боюнча таймашка 4-августта катышкандыктан олимпиаданын ачылыш аземинде кыргыз туусун оор атлетчи Бекзат Осмоналиев көтөрүп чыгат.

Олимпиадага катыша турган спортчулардын алды 17-июлдан тарта жөнөй баштайт. Ал эми команданын негизги курамы Лондонго 24-июлда жөнөйт.

Кыргыз өкмөтү Лондон олимпиадасындагы спортчулардын жеңиши үчүн акчалай сыйлыктардын өлчөмүн бекитти. Ага ылайык, алтын медаль утуп, чемпион болгон спортчуга 200 миң доллар сыйлык берилет. Күмүш байгеге 150 миң доллар белгиленди. Лондон олимпиадасында үчүнчү орунду камсыз кылган спортчу 100 миң доллар менен сыйланат.

Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы бул ирээт 14 жолдомого ээ болду. 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиадага кыргызстандык 20 спортчу жолдомо алган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG