Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Улутчул партия ырчы Мадоннаны сотко берет


Франциянын ашынган улутчул партиясы ырчы Мадоннаны сотко берерин билдирди. Поп жылдыздын Париждеги концертинде "Улуттук Майдандын" (Front National) лидери Марин Лө Пендин чекесине свастика тартылган сүрөт көрсөтүлгөн. Ал сүрөт Мадоннанын буга чейинки концерттеринде да көргөзүлгөн, партия ал Парижде да тартууланса, ырчыны сотко берерин эскерткен. Ага карабай Мадонна ишембиде Stade de France'теги концертинде да аны пайдаланган. Партиянын башында атасынын ордун баскан Марин Лө Пен “Улуттук Майданды” расисттик жана антисемиттик имиджинен арылтууга аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG