Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Асаддын режимине каршы чара көрүүгө көндүрүү аракеттери уланууда


Орусия менен Кытайды Сирия президенти Башар Асаддын режимине каршы чара көрүүгө көндүрүү аракеттери уланууда. Бүгүн Сириядагы кризисти жөнгө салуу боюнча эл аралык арачы Кофи Аннан Москвада президент Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Ушул эле күнү Бээжинде БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун президент Ху Цзинтао жана башка расмий адамдар менен сүйлөшүү өткөрмөкчү.

Жуманын этегине чейин БУУнун Сириядагы байкоочулар миссиясынын мандатын узартып узартпоо маселеси чечилүүгө тийиш. Асаддын режимине каршы сын Тремси кыштагындагы кан төгүүдөн кийин кучөдү. Расмий Дамаск армия ал жерде оор техника менен танктарды колдонгон деген Аннандын айыптоолорун четке какты. Соңку кабарларга ылайк, аткылашуулар баш калаанын дагы бир районунда болду.

"Кызыл Чырым" эл аралык уюму Сириядагы жаңжал жарандык согушка айланганын билдирди. Эми урушка катышкандардын ролу Женева конвенциясына ылайык каралып, согуш кылмыштары үчүн жоопко тартылышы мүмкүн. Уюм буга чейин Идлиб, Хомс жана Хама шаарларын гана согуш тилкеси деп атап келген.

XS
SM
MD
LG