Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Апрель окуясында ок жеген Чегирткеев жардамга муктаж


Ушул тушта Кытайдын Үрүмчү шаарында операцияга даярдалып жаткан Максат Чегирткеевди дарылоо үчүн дагы 100 миң юань керек. Бул тууралуу анын бир тууганы Эрлан Чегирткеев “Азаттыкка” билдирди. Апрель окуясынын катышуучусун Кыргызстанда дарылоодон майнап чыкпай, эки ай мурун Үрүмчү шаарына жөнөтүшкөн.

2010-жылы 7-апрелде ичине ок тийип, эки жылда беш жолу операция болгон 21 жаштагы Максат Чегирткеевдин абалы оор бойдон калууда. Бийлик күч менен алмашкан ошол күнү Ак үйдүн алдында 80ден ашуун адам окко учуп, ондогон адам жаракат алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG