Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

Ошто ажыга барууга 2 миңдей адам кезекте турат


Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын билдиришинче, Ош облусунда ажылык зыяратка барчуларды каттап, тизмелерин аныктоо жыйынтыкталды. Облус үчүн бөлүнгөн 816 орун толуп, дагы 1927 адам кошумча тизмеге киргизилди.

Муфтияттын алдындагы Ажылык умра борборунун мүчөсү Бакыт Нурдинов Жалал-Абад облусунда миңдей, ал эми Баткенде 400дөй адамга орун жетпей кошумча тизмеде турганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тескерисинче Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына бөлүнгөн орундар толо элек.

Ажылык сапар октябрь айында башталат. Кыргызстанга жылдагыдай эле 4,5 миң орун берилген. (EBM)

XS
SM
MD
LG