Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Исаев: фракция төрагалыгынан алуу чечими мен жокто кабыл алынды


Канатбек Исаев “Республика” фракциясынын лидерлигинен бошогону тууралуу чечим өзү жокто кабыл алынганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ал тоодо эс алып жүрүп шаарга жаңы эле келди. Лидерликтен бошотуу тууралуу чечим кандай себептен кабыл алынганын, ага кайсы депутаттар кол койгонун тактай турганын айтты.

Исаев буга чейин айтылып жүргөн партия ичиндеги жиктешүү тууралуу комментарий берип, “Республиканын” лидери, премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана ал башкарган өкмөттүн кемчиликтерин айтканда тирешүү болгонун билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG