Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:31

Пакистан: жоочулар полициянын кеңсесине чабуул койду


Пакистандын түндүк-батыш тарабындагы Банну шаарында куралдуу жоочулар полициянын жана аскер чалгын кызматынын жергиликтүү кеңсесине кол салышты. Азырынча такталган маалыматтар боюнча, эки аскер кызматкери жарадар болуп, айрымдары барымтага алынды. Полициянын маалыматына караганда, учурда имарат курчоого алынып, аткылашуу уланууда.

Быйыл апрель айында дал ушул Банну шаарындагы түрмөгө талиптер кол салып, камактагы 400 адамды бошотуп алышкан эле.

XS
SM
MD
LG