Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Орусия футбол курама командасына жаңы машыктыруучу дайындалды


Мындан ары италиялык Фабио Капелло Орусиянын курама футбол командасын машыктырат. Бул тууралуу Орусия футбол союзунун президентинин милдетин аткаруучу Никита Симонян маалымдады. Капелло жакынкы күндөрү Москвага келип, келишимдин негиздерин талкуулайт. Ал буга чейин Италиянын “Милан”, “Ювентус”, “Рома” жана Испаниянын “Реал” сыяктуу атактуу командаларда машыктыруучу болуп, 2007-жылдан бери Англиянын курама командасында негизги машыктыруучу катары иштеп келген.

Быйылкы Евро-2012 футбол чемпионатында Орусиянын футбол командасы чабалдык кылды деп күйөрмандары нааразы болушкан.

XS
SM
MD
LG