Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Мамкомиссия Кумтөрдү жеринде текшере баштайт


Кумтөр кенин текшерүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссия келерки аптадан тарта жеринде экспертизалык иштерди баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Осмонбек Артыкбаев кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик комиссия Кумтөргө барып, калдыктарды сактоочу жайды, Петров көлүн жана Давыдов мөңгүсүн экспертизадан өткөрөт. Ошондой эле “Кумтөргө” берилип кеткен Сарычат-Ээрташ коругунун 4 гектардан ашык аймагынын бардык документтери каралат.

Артыкбаевдин айтымында, учурда комиссиянын курамына жергиликтүү эксперттер тандалды жана чет өлкөлүк эксперттер аныкталып жатат.

Кумтөр кени боюнча мамлекеттик комиссия укуктук, тоо-кен-экологиялык жана социалдык-экономикалык багыттар боюнча жумушчу топторду түзгөн. Мындан тышкары Кумтөр кенине экологиялык жана каржылык экспертизаларды жүргүзүүчү эл аралык аудиторлорду жалдоо пландалган.

Бул комиссия 1-октябрга чейин Кумтөрдөгү каржылык, экологиялык, өндүрүштүк, социалдык зыяндардын өлчөмүн иликтеп чыгышы керек. Ага ылайык кыргыз өкмөтү “Центерра Голддун” ортосундагы келишимдерди кайра карашы да мүмкүн. (BkA)

XS
SM
MD
LG