Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Мэр: Салыкчылардын айынан Бишкектин казынасы толбой калды


Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов акимдерди, мэрияга тиешелүү мекемелердин жетекчилерин чогултуп, жыйын курду. Анда Өмүркулов салык кызматынын ишин катуу сынга алды.

Мэриядан кабарлашкандай, жыл башынан бери салыкчылар шаар казынасын толтура алган эмес. Мунун айынан айрым кичи райондор ысык суусуз калды. Бюджеттик тармакта иштегендердин айлыгын төлөп бере албай калуу коркунучу бар.

Мэрия өкмөткө салык кызматынын башчыларын иштен алуу боюнча өтүнүч жиберди. (EBM)

XS
SM
MD
LG