Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Мохаддам: тооктун этин жеп аткан кадрларды көрсөтүү туура эмес


Ирандын күч структураларынын жетекчиси Эсмаил Ахмади Мохаддам тооктун баасы кескин өсүп жаткан кезде тооктун этин жеп аткан кадрларды көрсөтүү туура эмес болорун эскертти. "Кинодо тоок жеп аткан элди көрсөтүшөт, реалдуу турмушта болсо балким аны сатып алууга чамасы жетпейт" деди Мохаддам.

"Социалдык теңсиздикке күбө болгон кээ бир адамдар байлардан укуктарыбызды бычак менен тартып алабыз деши мүмкүн" деп түшүндүрөт ал. Тоок этинин 1 килограммы 5 доллардан көп турат. Былтыр ушул маалда анын баасы 3 эсе арзан болчу.

XS
SM
MD
LG