Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Вашингтон Ирандын ядролук куралга ээ болушун алдын алуу үчүн бар аракетин жумшайт


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Вашингтон Ирандын ядролук куралга ээ болушун алдын алуу үчүн бар аракетин жумшайт деп билдирди. Иерусалимде Израилдин жогорку жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Клинтон "бардыгы маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө артыкчылык беришет, АКШ менен Израиль Иран саясатында бир позицияны карманышат" деди.

Мамкатчынын айтымында, Тегеран дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүлөргө алып келген сунуштары анын атомдук программасы айланасындагы кризисти жөнгө салууда пайдубал болуп бере албайт.

Батыш Ислам жумурияты атомдук куралдын үстүнөн иштеп жатат деп шектенсе, Иран бийлиги аны танып келатат.

XS
SM
MD
LG