Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Жогорку Соттун судьяларын тандоо: 2-турга 72 талапкер өттү


Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьяларын тандоонун биринчи айлампасын жыйынтыктады. Бүгүн соңку тогуз талапкердин арызы каралып, сегизине экинчи айлампага катышууга уруксат берилди. Бир талапкер болсо өз эрки менен сынакка катышуудан баш тартты.

Жалпысынан экинчи турга 72 талапкер өттү.

Жогорку Соттун судьяларын тандоо өткөн аптада башталган. Сынакка катышууга 80ден ашык адам арыз берген. (EBM)

XS
SM
MD
LG