Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

Ооганстанда төрт француз аскерин өлтүргөн ооган аскери өлүм жазасына өкүм кылынды


Жумурияттын Коргоо министрлиги бүгүн кабарлагандай, Абдул Сабур деген аскер быйыл 20-январда Каписа вилаетиндеги биргелешкен машыгуу учурунда төрт французду өлтүргөнү үчүн дарга асылмай болду. Аскерий сот ушундай чечим чыгарган. Ал окуяда дагы 15 киши жаракат алган эле. Чет өлкөлүк аскерлерге каршы чабуулдар бул өлкөдө тез-тез болуп турат. Ушул айдын башында түштүктөгү Гелманд провинциясында ооган полициясындай кийинген киши британиялык үч аскерди атып салган болчу.

XS
SM
MD
LG