Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Өзбекстанда Орусиянын МТС уюлдук компаниясынын иши убактылуу токтотулду


МТСтин иши токтотулгандан кийин элдер "Билайн" компаниясынан номур алыш үчүн кезекке топтоло башташты, 17-июль, 2012
МТСтин иши токтотулгандан кийин элдер "Билайн" компаниясынан номур алыш үчүн кезекке топтоло башташты, 17-июль, 2012
МТС компаниясынын иши Өзбекстанда 10 күнгө токтотулганын бүгүн расмий бийликтер кабарлашты. Маалыматта “МТС-Өзбекстан” бир топ “техникалык бузукулуктар” үчүн жооптуу экени айтылды.

Өткөн айда бийликтер мобилдик байланышты камсыздаган Орусиядагы эң ири бул ишкананын жетекчилигин байланыштын сапатынын начардыгы, уруксат албай эле туш келди антенналарды орнотуп жатышканы үчүн айыпташкан.

Өзбекстанда МТСтин айрым жетекчилерине каршы "салык төлөөдөн качкан", "алдамчылыкка барган" деп кылмыш иши козголгону да айтылууда. “МТС-Өзбекстандын” бул жумуриятта 9 миллиондой абоненти бар.

XS
SM
MD
LG