Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:35

Сириянын Казакстандагы консулдук кызматы эмне себептен өрттөлгөнү иликтенүүдө


Сириянын Алматыдагы өрттөлгөн консулдугу, 17-июль, 2012
Сириянын Алматыдагы өрттөлгөн консулдугу, 17-июль, 2012
Мындан бир аз мурдараак Сириянын Алматыдагы консулдук кызматынын имараты өткөн түнү өрттөлгөнү айтылган, бирок кийинчерээк Алматыдагы Өзгөчө кырдаалдар департаментинин расмий өкүлү окуя өткөн дүйшөмбүдө болгонун кабарлады. Эмне үчүн ошондон бери окуя жөнүндө эч нерсе айтылбаганы белгисиз.

Сириянын Алматыдагы консулу Самир Дерек окуяны мекениндеги согушка байланыштырып, имаратты “радикал диний уюмдардын” тарапкерлери өрттөгөн болсо керек деген божомолун айтты. Бирок милиция азырынча бул ойду четке кагып, азырынча “имаратты атайылап өрттөшкөн” деген версия иликтенип жатканын гана кошумчалады.

XS
SM
MD
LG