Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Путин Краснодардагы кырсыктын ашыкча чыгымы үчүн бийликтерди айыптады


Орусиянын президенти Владимир Путин өткөн аптада түштүктөгү Краснодар крайында суу ташкынында федералдык жана жергиликтүү бийликтердин ишин “канааттандырарлык эмес” деп баалады. Бүгүнкү билдирүүсүндө Путин 6-7-июлдагы суу ташкынынын кесепети менен күрөшүүдө алар жетиштүү аракет көрө алышкан жок деп айтты. Ал күндөрү миңдеген үйлөрдү суу жууп кеткен, 170 ашуун адам набыт болду.

"Окуянын ушундай трагедиялуу нукта өнүкпөшү үчүн анын алды алынбаганына жоопкерчилик баардык деңгээлдеги – федералдык, регионалдык жана жергиликтүү – бийликтерге жүктөлөт", - деди президенти Путин.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кырсыгынан эң эле катуу жабыркаган Крымск районун тазалап, калыбына келтирүү ишине 18 миңден ашуун адам тартылганын кабарлады. Суу ташкынынан аман калгандар болсо кырсыктан кийин бийликтер жардамды убагында жеткире алышпаганы үчүн нааразы болушууда.

XS
SM
MD
LG