Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуудан бир чек арачы набыт болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” УКМКнын алдындагы чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын маалымдашынча, атышуу бүгүн Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Булак-Башы айылындагы чек ара бекетинде орун алган. Анда кыргызстандык бир чек арачы окко учуп, дагы эки жаран жараат алды. Өзбекстан тараптан да набыт болгондордун бар экени айтылууда.

Атышуу эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу аймакта кыргыз жарандары менен өзбек чек арачылары ортосундагы араздашуудан чыккан. Маалыматка ылайык, өзбекстандык чек арачылар Көк-Таш – Булак-Башы унаа жолун оңдоп жаткан жергиликтүү тургундардан талаштуу аймактан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Бирок ортодон кайым айтышуу чыгып, өзбек чек арачылары ок чыгарышкан. Андан соң кыргызстандык чек арачылар ок менен жооп кайтарганы кабарланды.

Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов Өзбекстандын чек ара кызматынын төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, окуяны тынч жол менен чечүү тууралуу макулдашты.

Учурда атышуу болгон жерге Чек ара кызматынын оперативдүү тобу чыгып, окуяны иликтеп жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG