Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Ала-Букада окко учкан чек арачынын кимдиги аныкталды


Өзбек чек арачылары менен ок атышууда Чек ара аскерлигинде кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы Кадырбек Абдрасул уулу набыт болду. Ала-Бука райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Гүлжан Асанованын “Азаттыкка” кабарлашынча, кечээ түн жарымында анын сөөгү жакындарына жөнөтүлдү. Мындан тышкары ок атышууларда оң өпкөсүнө ок тийген Көк-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну, 31 жаштагы Кубан Адыловго операция жасалып, азыр анын абалы канааттандырарлык.

Маалыматка ылайык, учурда райондо кырдаал тынч. Эки өлкөнүн өкүлдөрү бүгүн саат ондон тарта окуяны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

Атышуу эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу аймакта кыргыз жарандары менен өзбек чек арачылары ортосундагы араздашуудан чыккан. Маалыматка ылайык, өзбекстандык чек арачылар Көк-Таш – Булак-Башы унаа жолун оңдоп жаткан жергиликтүү тургундарынан жана “Казакмыс” компаниясынын жумушчуларынан талаштуу аймактан чыгып кетүүнү талап кылышкан. Бирок ортодон кайым айтышуу чыгып, өзбек чек арачылары ок чыгарышкан. Андан соң кыргызстандык чек арачылар ок менен жооп кайтарган.

УКМКнын алдындагы чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева "Азаттыкка" буларды маалымдады:

- Бул тургундарга Кыргызстандын Булак-Башы чек ар бекетинин аскерлери талаштуу аймак экенин айтып, жолду оӊдоого уруксат берилбей турганын эскертишкен. Бирок алар ишин уланта беришкен. Андан соӊ өзбек чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышканда Булак-Башынын тургундары орой жооп кайтарган. Натыйжада Өзбекстандын чек арачылары ок чыгарышкан. Андан соӊ кыргызстандык чек арачылар ок менен жооп кайтарган. (KKs/BkA)

XS
SM
MD
LG