Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Муфтияттагы ажылыкты уюштуруу борбору жоюлду


Мындай чечимди 17-июлда жыйынга чогулган Мусулмандар дин башкармалыгынын Уламалар кеӊеши кабыл алды.

Уламалар кеӊеши буга ажылыкты уюштуруу милдетин муфтият эле аткарат, ага кошумча органдын кереги жок деген жүйө келтирди.

Былтыр Жогорку Кеӊеш ажылык сапарды уюштуруу укугун муфтиятка берген соӊ, мурдагы мутфий Чубак ажы Жалиловдун демилгеси менен зыяратты уюштурууга жооптуу орган катары "Ажылык жана умра" борбору түзүлгөн болчу.

Чубак ажы Жалилов муфтияттагы бир катар пикир келишпестиктерден улам 16-июлда өз эрки менен кызматтан кеткенин жарыялаган. Ал мындай чечимин мусулмандар арасындагы тынчтык үчүн жана саламаттыгына байланыштуу кабыл алганын билдирген.

Кечээ жыйынга чогулган Уламалар кеӊеши Жалиловдун арызын кабыл алып, жаңы муфтийдин милдетин аткаруучу кылып Рахматулло ажы Эгембердиевди көпчүлүк добуш менен шайлады. (BkA)

XS
SM
MD
LG