Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

АКШдан келген 37 жаңы ыктыярчы ант берди


Бүгүн АКШнын Тынчтык корпусунан Кыргызстанга келген ыктыярчылардын ант берүү жөрөлгөсү өттү. Ага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, буга чейин Кыргызстанда жүргөн ыктыярчылар жана аларды багып жаткан үй-бүлөлөр катышты.

Ыктыярчылар үч ай бою кыргыз тилин, салт-маданиятын үйрөндү. Эми Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарынын алыскы айылдарына барып, эки жыл бою жергиликтүү элге англис тилин үйрөтүп, саламаттыкты сактоо, ишкерлик, жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү боюнча жардам берет.

Кыргызстанга америкалык ыктыярчылар 1993-жылдан тарта келе баштаган. Учурда 83 ыктыярчы бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG