Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Дамаскидеги жардыруудан бир нече жогорку кызматтардагы адамдар көз жумду


Бүгүн Сириянын борбору Дамаскиде жанкечтинин жардыруусунан өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн бир топ башчылары курман болушту жана жаракат алышты. Коргоо министри Дауд Ражха набыт болду, президент Асаддын күйөө баласы, коргоо министринин орун басары Асеф Шавкат да ооруканага бараткан жерде көз жумганы айтылууда. Андан сырткары ички иштер министри Ибрахим ал-Шаар оор абалда ооруканага жеткирилди.

Борбор калаада төрт күндөн бери өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициянын айыгышкан атышуулары уланууда. Бүгүн Сириядагы кырдаал боюнча Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде жаңы резолюция добуш берүүгө коюлат.

XS
SM
MD
LG