Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Орус парламентинин Жогорку палатасы "чет өлкөлүк агенттер" мыйзамын жактырды


Орусиянын парламентинин Жогорку палатасы – Федерация кеңеши – Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун бүгүн жактырды. Ага ылайык, чет жактан алынган акчага иштеп, Орусияда “саясатка аралашкан” уюмдарды “чет өлкөлүк агенттер” деп атоо каралган. Орусияда Владимир Путин кайрадан президент болуп келген акыркы үч айдын ичинде уруксат берилбеген митинг-демонстарциялар үчүн жазаны күчөткөн, Интернет эркиндигин чектеген, “ушакты” кайрадан кылмыш кодексине кайтарган, эми бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк агент” деп атаган мыйзамдар кабыл алынды. Муну сынчылар демократияга катуу сокку деп аташууда. Орус парламентинин эки палатасы тең жактырган мыйзам долбоору эми президент В.Путинге кол коюуга жиберилет.

XS
SM
MD
LG