Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:07

Жаӊы муфтий декабрда шайланат


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Уламалар кеӊеши ушул жылдын 15-декабрында мусулмандардын курултайын өткөрүү чечимин кабыл алды. Анда курултайга чогулгандар жаӊы муфтийди шайлашат.

15–декабрга чейин Уламалар кеӊешинин жыйыны болуп, мусулмандар курултайынын уюштуруунун жол-жобосун аныктайт.

Мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат катчысы Максат Мамбеталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, курултайга облус казылары, имамдардан турган 200-300 делегат катышышы мүмкүн. Алар атаандаш негизде көрсөтүлгөн талапкерлерден муфтий шайлашы керек.

Мусулмандар курултайы тандаган муфтий беш жылга чейин бул кызматты аркалоо укугуна ээ болот.

16-июлда мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов муфтияттагы бир катар пикир келишпестиктерден улам өз эрки менен кызматтан кеткенин жарыялаган. Ал мындай чечимин мусулмандар арасындагы тынчтык үчүн жана саламаттыгына байланыштуу кабыл алганын билдирген.

Кечээ жыйынга чогулган Уламалар кеӊеши Жалиловдун арызын кабыл алып, жаңы муфтийдин милдетин аткаруучу кылып Рахматулло ажы Эгембердиевди көпчүлүк добуш менен шайлаган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG