Линктер

жума, 24-март, 2017 Бишкек убактысы 14:14

Кыргызстанда алты айда 600дөн ашуун митинг өттү


Бул тууралуу 18-июлдагы өкмөт жыйынында ички иштер министри Зарылбек Рысалиев билдирди. Министрдин маалыматында, митингдердин 273ү саясий талаптар менен өткөрүлсө, калган 373 митингде социалдык, экономикалык жана турмуш-тиричиликке байланышкан маселелер көтөрүлгөн.

Митингдердин көп уюштурулушу өлкө өнүгүүсүнө таасирин тийгизип жатканын билдирген өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов күч органдарынын жетекчилерине коомдук-саясий абалды курчуткан булактарды аныктоону тапшырды.

Ошондой эле жарандык коом жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иштеп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү да буйруду. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG