Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Стамбул-Ош–Стамбул аба каттамы ачылат


Бүгүнтөн тарта “Түрк аба жолдору” компаниясынын учагы Стамбул-Ош-Стамбул багытында каттай баштайт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул каттамдагы учак быйыл жумасына үч ирет жүргүнчүлөрдү ташып турат. Келээрки жылдан тарта күн сайын жүргүзүү планы караштырылууда.

Алгачкы каттам бүгүн саат 14.25де Ошко конуп, 16.00дө Стамбулга сапар алат. Каттамдын ачылышына Ош облусунун жана шаарынын жетекчилери, Коммуникация жана транспорт министрлигинин өкүлдөрү катышат. Жакында эле “Түрк аба жолдору” Стамбул - Бишкек - Улан-Батор аба каттамын ачкан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG