Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Ысык-Көл: 20 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды


Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын билдиришинче, өткөн аптада Ысык-Көлдөгү Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Түп райондорунда жалпысынан 21 гектер жерден 21 тоннага жакын жапайы кара куурай орулуп өрттөлдү.

Өткөн аптада облустук ички иштер башкармалыгы аймакта жапа кара куурайды жок кылуу иштери жакшы жүрбөй жатканын, айрым райондор кара куурай жок кылынды деп жалган маалымат берип жатканын маалымдаган.

Мисалы, Түп районунда Талды-Булак айылында 454 гектар жерден 7,2 тонна кара куурай орулуп өрттөлдү деген менен иш жүзүндө мындай иштер дээрлик аткарылбаганы аныкталган. Ушундай эле фактылар Түп айыл округунда, Ак-Суу районундагы кээ бир айыл өкмөттөрдө катталган.

Кыргызстанда жапайы кара куурайлар негизинен Ысык-Көлдө, Чүйдө жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда өсөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG