Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:30

ВИЧ инфекциясына чалдыккан балдардын саны азаюуда


Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун СПИДге каршы программасынын атакаруучу директору Мишел Сидиб билдирди. Андан тышкары жакыр өлкөлөрдө ВИЧти жуктуруп алгандардын басымдуу көбү тиешелүү дарылоодон өтүүдө.

2005-жыл менен салыштырганда Африканын түштүгүндөгү өлкөлөрдө СПИДден улам көз жумгандардын саны 31 пайызга ылдыйлаган. Сахара чөлүнүн төмөн жагында орун алган аймак бул дарт боюнча биринчи орунда турат. СПИД программасынын отчетунда белгиленгендей, бир жылдын ичинде эле антиретровирустук дары-дармек менен камсыз кылуу жакыр өлкөлөрдө 20 процентке өскөн. 2010-жылы алар менен 6,6 миллиондой киши камсыз кылынган.

XS
SM
MD
LG