Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:36

Балкандагы согушта жоголгон 13 миңден ашуун кишинин дайыны аныктала элек


Эл аралык "Кызыл Чырым" комитети Балканда 1990-жылдары болгон согушта жоголгон 13 миңден ашуун кишинин дайыны аныктала элек деп билдирди. Уюмдун расмий өкулү Барбара Хинтерманн Загреб менен Белградды аларды табуу аракеттерин күчөтүүгө үндөдү. Анын айтымында, бийликтердин ыктымал массалык көрүстөндөр тууралуу маалымат менен бөлүшпөй жатышы негизги тоскоолдук болууда. Андан тышкары сөөктөрдү аныктоо иши жай жүрүүдө.

Хорватиянын аймагындагы моргдордо кимдиги аныктала элек жүздөгөн сөөктөр бар, бир топ жерлерде эксгумация баштала элек, - деди Хинтерманн. "Кызыл Чырымдын" маалыматына ылайык, дайынсыз болуп жаткандардын 9 миңдейи Босния-Герцеговинадагы уруш маалында, 2 жарым миңдейи Хорватиядагы жаңжалда жана калгандары Косоводо жоголгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG