Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү кароо 25-июлга калды


Бүгүн Бишкек шаардык сот Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу тууралуу арызды кароону 25-июлга жылдырды. Буга Түлеевдин негизги жактоочусу Султан Баратовдун ден соолугуна байланыштуу соттук териштирүүгө келбей калганы себеп болду.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынан депутат Түлеевди 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ал мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айыпталууда. Учурда тергеп-иликтөө жүрүп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG