Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Ысык-Көл: бүтүрүүчүлөрдү кабыл алуу жоболору өзгөрдү


Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл облустук мамлекеттик университетте 2012-2013-окуу жылында абитуриенттерди кабыл алууда жана адистиктерде дүйнөлүк стандартка ылайык өзгөртүүлөр кирди. Бул тууралуу университет ректору Курманбек Абдылдаев билдирди.

Ректордун маалымдашынча, быйылкы жылга бюджеттен 220 орун, контракттык негизге 830 орун берилген:

- Бул жылы мурдагыдан айырмаланып, дүйнөлүк стандарт боюнча бир багытты тандоо керек. Мисалы, физика-математикалык билим берүү багыты болсо, анын ичинде математика, информатика жана физика адистиги камтылган. Ошолордон тандоо керек. Ал эми университетке кабыл алуу үч турдун негизинде болот. Негизи 3-тур университеттин экзамени менен кабыл алынчу, ал эми быйыл министрликтин чечими менен тест боюнча кабыл алынат.

Учурда биринчи турдун жыйынтыгы боюнча бюджтеке 135, контракттык негизге 117 абитуриент кабыл алынды. (MK)

XS
SM
MD
LG