Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Индия президентин тандоодо


Жаңы өлкө башчысын федералдык парламенттин депутаттары жана штаттардын ассамблеясы шайлоодо. Байкоочулар бул ирет башкаруучу коалициянын колдоосуна ээ болгон мурдагы каржы министри Пранаб Мухержи жеңишти камсыз кылышы толук мүмкүн деп болжошууда. Мухержинин башкы атаандашы - парламенттин мурдагы төрагасы Пурно Сангма.

Индияда бийлик негизинен премьер-министрде, бирок президент 2014-жылы өтө турган парламенттик шайлоодон кийин болочок өкмөттүн куралышында чоң роль ойношу мүмкүн.

Шайлоонун жыйынтыгы жекшемби күнү аныкталат. Утуп чыккан талапкер Индиядагы алгачкы аял президент, акыркы 5 жылда анчалык деле активдүүлүгүн көрсөтө алган жок деп сындалып келаткан Пратибху Патил айымдын ордуна тактыга отурат.

XS
SM
MD
LG