Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Египеттин чалгындоо кызматынын мурдагы башчысы АКШда каза болду


Жакында эле Египеттин президенттигине талапкер болуп каттала албай калган 76 жаштагы Омар Сулейман АКШда көз жумду. Убагында Хосни Мубарактын орун басары болуп иштеп турган Сулейман Кливленд штатында медициналык текшерүүдөн өтүп жүргөн эле. Сулейманды шайлоого катышуу үчүн кол топтоодо ката кетирген деп президенттикке каттабай коюшкан болчу.

Байкоочулар Хосни Мубаракты колдогондордун баары Сулейманга ооп, анын таскагы катуу чыгып келатканда ыңкылапчылар бир айласын таап, шайлоого катыштырбай коюшту деп айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG