Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

ИИМ: Нурлан Сулайманов тергөөгө келбей жатат


Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Сулайманов жана мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевге байланыштуу иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Мурунку бийлик мезгилиндеги жогорку даражалуу бул ишмерлерге кандай айыптар коюлуп жатат?

Ички иштер министрлигинин 19-июлдагы маалымдоосуна караганда, Нурлан Сулаймановго транспорт жана коммуникация министри кезинде коррупциялык иштерге аралашкан деген айып коюлууда. Бирок азыркы мезгилде Сулайманов Кыргызстанда болбогонун айтат ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сеитов:

- Кыргызстандын аймагында жок. Бирок каякта жүргөнү биздин оперативдик кызматкерлерге дайын. Ошол боюнча учурда иш жүрүп жатат.

Маалыматка караганда, Нурлан Сулайманов транспорт министри, Бишкек-Ош жолу боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектеп турган маалда коррупциялык иштерге барган деп шектелүүдө. Бул кызматтарда Сулайманов 1998-жылдан 2010-жылга чейин иштеген.

Нурлан Сулайманов жергиликтүү телеканалга курган маегинде ага коюулуп жаткан айыптарды саясий буйрутма катары баалабай турганын билдирген эле:

- Бул саясий буйрутма эмес. Эгерде мен дасыккан саясатчылардын бири болсом, азыр саясий буйрутма деп өзүмдү пиар кылсам болмок. Бирок мен билем, бул саясий буйрутма эмес. Бул ошол түрк компаниясы кайрылганга байланыштуу карап жатышат. Гезиттерде айтылгандай иш козголгон эмес. Бул арыздын негизинде каралып жатат.

Ош - Бишкек жолу
Ош - Бишкек жолу
Нурлан Сулайманов айтып жаткан түрк компаниясы Бишкек-Ош жолун курууга катышып, бирок кемчиликтерине байланыштуу иштен четтетилген. Анын техникалары министрликке алынган.

“Кезинде Кыргызстандын сот инстанциялары бул иш боюнча биздин пайдабызга чечим чыгарган, эми бийлик алмашканга байланыштуу түрк компаниясы бизге каршы арызданууда”, - деп белгилеген Нурлан Сулайманов.

2010-жылдагы апрель ыңкылабынан кийин Нурлан Сулаймановго каршы Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, ага издөө жарыяланган. Ошол эле жылы июль айынын башында Нурлан Сулайманов өз ыктыяры менен келген. Ага каршы козголгон кылмыш иш токтоп калган.

Парламенттик шайлоодон кийин Башкы прокуратура бир катар депутаттарга кылмыш иши козголгонун, алардын арасында Нурлан Сулайманов да бар экенин тастыктаган. Ал иш 206 млн. сом бюджеттик каражатты АУБдун эсебине которууга байланыштуу козголгону маалым. Бирок да бул иштин кандай абалда экени белгисиз.

Ички иштер министри мурунку бийлик учурундагы дагы бир ири кызматкерге байланыштуу иликтөө ишин жүргүзүүдө. Ал иш мурдагы башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевге тиешеси бар.

Элмурза Сатыбалдиев
Элмурза Сатыбалдиев
2010-жылы апрель окуясынын алдында Сатыбалдиев президент Курманбек Бакиевдин коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматын аркалап турган. Депутат Равшан Жээнбековдун парламенттеги билдирүүсүнө караганда, Элмурза Сатыбалдиев 2010-жылы 7-апрелде өкмөт үйүнөн 3 млн. доллар алып чыккан. Ички иштер министрлиги депутаттын мына ошол билдирүүсүнүн негизинде текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Элмурза Сатыбалдиев өзү андай иш болгон эмес дейт:

"Андай деген болгон эмес. Болушу да мүмкүн эмес".

Равшан Жээнбековдун айтымында, 3 млн. доллар Элмурза Сатыбалдиевге эмес, Бакиевдерге таандык болушу мүмкүн. Эми аны тергөө аныктап чыгууга тийиш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG