Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчилери иштен алынды


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Виталий Орозалиевди жана анын орун басарлары Данияр Оторбаев менен Дамир Сагынбаевди кызматтын алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мекемелер аралык комиссия атайын текшерүүнүн негизинде аталган кызматтын ишинде олуттуу алешмдиктер бар экенин аныктаган. Бул корутунду боюнча Коргоо кеңеши Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын жетекчисин алуу тууралуу сунуш жөнөткөн.

Маңзатты көзөмөлдөө кызматы өз кезегинде аларды текшерген мекемелер аралык комиссияны айыптап, билдирүү тараткан. Анда комиссия текшерүүдө ушактарга жана такталбаган божомолдорго таянганы белгиленген. Түзүлгөн кырдаалга эл аралык маңзат мафиясынын тиешеси бар болушу мүмкүн деген божомол айтылган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG