Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Эне баласына бөйрөгүн берди


Кыргызстанда биринчи жолу адамдын дене мүчөсүн алмаштыруу боюнча уникалдуу операция жасалды.

16-июлда Кыргызстанда биринчи ирет бөйрөктү трансплантациялоо операциясы жүргүзүлдү. Операцияга чейин изилдөө жүргүзүүчү лабораториялардын жоктугунан буга дейре мындай операциялар жасалбай келген. Операцияга муктаж бейтаптар Кытай, Түркия, Орусия, Пакистан, Казакстан сыяктуу чет мамлекеттерде операция жасатууга мажбур болчу.

Кыргызстанда мындай операция 22 жаштагы жигитке биринчи ирет жасалды. Ага бөйрөгүн 52 жаштагы энеси берди. Операция жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим изилдөө институтунда ийгиликтүү жасалды.

Эне-баланын журналисттер менен сүйлөшүүсүнө дарыгерлер азырынча уруксат бере элек. Ал эми бейтаптын атасы уулунун абалы тууралуу буларды билдирди:

- Уулум былтыр декабрдын башынан тарта ооруй баштады. Кокусунан ооруп калып, гемодиализге түшүп калды. Диагнозу - нефрит. Биз Түркияда операция жасаталы дегенбиз, бирок каражаттын жоктугунан бара алган жокпуз. Азыр операциядан кийин баламдын абалы аябай жакшы. Дарыгерлердин айтымында, баары ойдогудай. Азыр басып жүрөт, тамактанып атат.

Кыргызстанда органдарды трансплантациялоо боюнча мыйзамга ылайык, бейтапка жакын туугандары гана органын бере алат. Ушундай учурда да донорду табуу кыйын болоорун айтат Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим изилдөө институтунун башчысы Талгат Осмонов:

- Азыркы күндө донорду табуу абдан кыйын. Кээ бирөөнүн ата-энесинин, же жакын туугандарынын канынын группасы туура келбейт, иммундук жагынан текшергенде ал да туура келбей калышы мүмкүн.

Кыргызстанда мындай текшерүүлөрдү жүргүзүүчү лабораториялар жетишпейт:

- Бизде кээ бир лабораториялар бар, бирок кээ бир лабораториялар жок болуп атат. Ошондуктан көп изилдөөлөрдү чет мамлетке чыгып, Казакстанда текшерип келебиз.

Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстандын хирург-дарыгерлери мындай операция жасоого 99 пайыз даяр болгонун, ал эми бул операция биринчи ирет жүрүп жаткандыктан кесепетин алдын алууда чет мамлекеттен адис-дарыгер чакыртылганын билдиришти. Бул операцияны Түркияда иштеп жүргөн кыргызстандык 35 жаштагы дарыгер Эркин Орозакунов жүргүздү:

- Операция жакшы өттү. Баланын апасы донор болду, 52 жашта экен. Бөйрөгүн баласына берди. Негизи операция жасаганда эки команда иштейбиз. Бул жерде биринчи ирет жасалып аткандан кийин мен эки жакта тең болдум. Ошондуктан операция төрт жарым - беш саатка созулду.

"Жасалма бөйрөк" аппараты
"Жасалма бөйрөк" аппараты
Мындай операциялар чет мамлекетте 25 миң доллардан жогору турат. Бөйрөгү ооруган айрым бейтаптар Кыргызстанда жасалма бөйрөк аппаратынын жардамы менен жашап келишет. Ал эми Кыргызстанда органды трансплантациялоо операциялары мындан ары ийгиликтүү боло турган болсо, ага 15 миң доллардай каражат керектелерин Талгат Осмонов айтып, андан кийин да бейтап ар дайым кымбат дары-дармектерди алып туруусу зарыл дейт:

- Бул операцияга акча көп кетет экен. Анткени бөйрөк бөлүнүп, энесинен баласына салып аткан кезде 2 миң долларлык дары куюш керек экен, анан операциядан кийин да дары куюш керек. Ал абдан кымбат дарылар.

Органды трансплантациялоо операциясы Кыргызстанда биринчи ирет болгондуктан бул жолу бекер жүргүзүлдү.

XS
SM
MD
LG