Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

Токтогул суу сактагычында быйыл суу аз


“Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, Токтогул суу сактагычында учурда суунун көлөмү 16 миллиард 846 миллион куб метр. Бул былтыркы ушул маалга караганда 2 миллиард куб метрге аздык кылат.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин башчысы Миргүл Айдарова “Азаттыкка” суу сактагычында суунун аздыгынан жана электр энергиясын экспорттоонун жоктугунан Бишкекте жылуулуктун баасын жогорулатуу каралып жатканын билдирген. Анын айтымында, учурда канчага кымбаттары белгисиз, тактап-эсептөө жүрүп жатат. "Бул иштер бүткөндөн кийин күзүндө парламентке сунуш жөнөтүлөт", - дейт Айдарова.

Министрликтин өкүлү быйыл электр энергиясына баа кымбаттабай турганын белгиледи. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG